Активдүүлүк аз болду. Жалпы шайлоочулардын 39,75 пайызы гана добуш берүүгө катышты

Кечээ, 10-январда Кыргыз өлкөсүнүн президентин тандоо үчүн шайлоо орун алды. Алдын-ала жыйынтык боюнча 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров 79,14 пайыз менен алдыда келе жатат.

Бул ирет мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу активдүүлүк аз болду. БШКнын маалыматында 1 миллион 376 миң 719 жаран шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 39,75 пайызын түзөт.

Өлкө боюнча 46,59 пайыз менен шайлоого активдүү катышкан Ысык-Көл облусунун тургундары болсо, 35,58 пайыз менен шайлоого эң аз катышкан Чүй облусунун тургундары болду.