Акыйкатчы Токон Мамытов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды

Акыйкатчы Токон Мамытов ээлеген кызматынан бошотуу боюнча арыз берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токон Мамытов «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышат. Мыйзамга ылайык, ал шайлоого катыша турган болсо, кызматтан кетиши керек. Ал жергиликтүү ЖМКларга анын отставкасын Жогорку Кеңеш карашы керек экенин айтты. Токон Мамытов 2018-жылдын сентябрынын аягында өлкөнүн башкы укук коргоочусу болуп дайындалган.