Ташкент шаарына жумуш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолукту.
“Менин бир агам бар экенин кесиптештериме айтып келем – ал улуу агам Акылбек-ака. Бул жолку сапарыңыз менен сиз эки тараптуу мамилелердин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлин жана сапатын дагы бир жолу ырастадыңыз”, — деди Сардор Умурзаков.