Акылбек Жапаров №1 гимназияда окуучулар аралашкан митингди катуу сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

«Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттары талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасы коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, окуучулардын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана президенттик администрациянын кызматкерлери катышты. Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берди», — деп айтылат маалыматта.