«Күздөн бери аймактагы көйгөйлөрдү көтөрүп келебиз. Кат жүзүндө 30-40 жолу министрликке жөнөттүк. Жообу баары бирдей окшош «каражат жок». Министрлер кабинети каражат таппагандан кийин эмнеге иштеп жатышат?». Мындай пикирин бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов билдирди.
Анын айтымында, учурда Баткенге өзгөчө статус берилгени жатат. Бирок башка аймактар унутулуп калбашы керек. «Аймактагы маселелер боюнча Токтогул районундагы бир нече айылдарда ар кандай абалдагы мектептер бар. Алардын ичинде авариялык абалдагы, 50 пайызы бүтүп калган, пайдубалы туруп калган мектептерге бир да тыйын бөлүнгөн жок. Ички жол маселесин көтөрө берип тажадык. Таза суу меселеси, сугат маселеси. Айтабыз, бирок жыйынтык жок. Каражат тапсын да. Убакыттан пайдаланып, Акылбек Жапаровго кайрылат элем. Депутат болуп отурганда буга каражат тапса болот деп айтчу элеңиз. Айткан сөзүңүздү аткарыңыз! Аймактагы көйгөйлөрдү чечели», — деди ал.