«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров маек берди. Ал эмне үчүн 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышпаганын төмөнкүчө түшүндүрдү: «Мекеним Кыргызстан» боюнча. Сиз дагы парламенттик шайлоого барасызбы деп жатышканынан ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен акылдашканбыз, эгер мен айтып жаткан сунуштар аткарылса барайын, же тынч эле лекциямды окуп жүрө берейин деп. Алардын салыктар боюнча программасын жаздым. Партиянын курултайы өткөндө тизме так айтылган жок. Андан кийин сүйлөшүп көрсөк айтып калышты, «президент ошондой чечим кабыл алды, сизге адыңкы орундар жок ошойт, арткарак эле коюп койбойлубу» деп. Ушунча жылдан бери жүрсөм. Балдарыма калтырып кете турганым фамилиям эле. Арткы орундарга жөн эле койгула, мен катышпай эле коёюн жакшысы дедим»,- дейт ал.
Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.