Акылбек Жапаров Бажы кызматын толугу менен таркатууга даяр экенин айтты

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. 

Ал Министрлер кабинети жылдын аягында президенттин тапшырмасын жана планды аткарбаган министрлер жана аткаминерлер менен коштошорун айтты. Алардын арасында Бажы кызматы да бар.

Министрлер кабинетинин башчысы Бажы кызматын толугу менен жоюп, университеттин кечээки бүтүрүүчүлөрүн кызматка алууга даяр экенин кошумчалады. «Мен бул тууралуу Садыр Жапаровго айттым. Ал «керек болсо, бир күндө бажычылардын баарын бошотуп, алардын ордуна институтту бүтүргөндөрдү кызматка алабыз» деди. Биз ага даярбыз. Системаны даярдоо керек”, — дейт Акылбек Жапаров.