Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарындагы мал базарларынын абалы боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук районундагы мал базардын абалы канааттандырарлык эмес экендигин белгиледи.
«Бүгүн эртең менен мен Сокулук районундагы мал базарда болдум, анда сатуучуларга да, сатып алуучуларга да жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Президентке Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизем», — деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле бир жыл мурун эле бардык мал базарлар иретке келтирилиши тийиш болгонун кошумчалады.