Баткенде 1 айлык аскердик кызмат эки ай деп эсептелет

Баткен облусу – чек ара маселесинин чордону эмес, патриоттуулукка, кайраттуулукка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоочу жана шыктандыруучу жер. Баткен – саясий, аскердик, экономикалык суверенитетти сезиндирүүчү жер. Ушул жер – Кыргыз  Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында билдирди.

«Мен Баткен облусуна атайын эрте келдим. Биз бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, күндүн экинчи жарымында эки аскер бөлүгүн кыдырып, аскердик формаларды жана техникаларды көрүп чыктык. Чындыгында, 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болду. Ошол эле учурда кескин өзгөрүүлөр да орун алды. 2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлердин маянасы дээрлик 50-70 пайызга чейин жогорулатылды. Ушул жылдын январь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлык маяналары 50-70 пайызга чейин көтөрүлдү. Жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик. Бюджеттик каражаттардын эсебинен заманбап аскер техникасы жана аскердик форма сатылып алынды. Ошондой эле Баткендеги бир айлык кызматты эки ай катары эсептелсин деген чечим кабыл алынды», — деди ал.