Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) иш сапары менен барып, 9-Дүйнөлүк өкмөттөр саммиттин ачылыш аземине катышты. Ал саммиттин алкагында “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.

Бүткүл Дүйнөлүк  Өкмөттөр саммити 13-15-февраль күндөрү “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” урааны астында өтөт. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Саммиттин программасында 200дөн ашуун сессияны өткөрүү жарыяланган жана 300дөн ашуун баяндама окулат.

Саммитте сөз сүйлөгөндөрдүн арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Meta компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бар.