Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводуна» барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барды. Аны «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдураимов коштоп жүрдү.

Буга чейин Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин акысыз убактылуу пайдаланууга (15 жылдык мөөнөткө) берүү чечими кабыл алынганы белгиленгенди.