Акылбек Жапаров: «Бишкектин эки районунда шайлоонун үзгүлтүккө учурашы тарыхта болгон эмес»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын коллегиялык жыйынына катышты. Анда борбор калаанын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана ушул жылга коюлган пландары тууралуу маалымат берилди. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев аталган тема боюнча баяндама жасады.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы акыркы жылдары көп катачылыктарга жол берилгенин белгиледи. «Жашыл аянттар талкаланды, ирригациялык тутумдар бузулду, иретсиз жана башаламан курулуштардан улам шаардын көркү кетти. Бирок келечекте биздин борбордо олуттуу өзгөрүүлөр орун алат. Бишкек шаары өлкөнүн экономикасынын 70 пайызын камтыйт. Борбордогу чиновниктер Бишкектин гана эмес, бүтүндөй республиканын аң-сезимин реалдуу түрдө өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү жетет», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал борбордун турмушуна жарандык коомдун активдүү катышуу маселесине токтолду. «Борбор шаарыбыздын социалдык жоопкерчилиги жогору, активдүү тургундары тууралуу кошумчалай кетейин. Алардын шаарды өнүктүрүүдөгү ролу маанилүү. Алгач ирет административдик ресурстун кийлигишүү жок, парасыз шайлоонун өтүшү көрсөткөндөй, шаардыктар жакынкы мезгилде депутаттыкка татыктуу эл өкүлдөрүн гана шайлай алат. Бишкектин эки районунда шайлоонун үзгүлтүккө учурашы сыяктуу мындай көрүнүш тарыхта болгон эмес. Мунун өзү адамдардын аң-сезими жана жоопкерчилиги жогорулагандыгынан кабар берет. Биз бул окуяны күнүмдүк ишибизде эске алуубуз керек. Адамдар баарын көрүп-билип турат. Бардык деңгээлдеги чиновниктердин милдети шаардыктардын пикирин угуп, иликтеп, алар менен тыгыз иш алып баруу», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.