Бейшемби, 12.06.2025
Бишкек booked.net
+17...+30° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатабы? Президенттин жообу

11:33 03.03.2023
0
Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатабы? Президенттин жообу

Кыргызстанда эми мындан ары бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Ошондой эле мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Мындай эрежелер ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.

«Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. Элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров үчүн эмес, өздөрү үчүн да. «Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат» деген сөздөрдү окуп калып жатам. Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. 

Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүүдө. Балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт. Мисал келтире кетейин. 2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болуп калган экен. Ал эми 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болуптур. 2022-жылы болсо 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган. Эми жашы жете элек балдарыбыздын каза болгондугу тууралуу маалыматтарга токтолоюн. 2020-жылы 93 бала каза болуп, 1 456 бала майып болуптур. 2021-жылы 111 бала каза болуп, 2 175 бала майып болуп калган. 2022-жылы 103 бала каза болуп, 2 226 бала майып болгон. 

Ал эми мас абалында айдап жүргөндөрдүн кесепетинен каза болгондор боюнча айтсам, 2020-жылы 467 кырсык катталып, 62 адам каза болуп, 451 адам майып болуп калган. 2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болуптур. 2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 742 адам майып болуп калган.

Мына ушунун баары жол эрежесин билбей, билсе дагы эрежени сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатат. Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес. Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген.

2020-жылга чейин айдоочу күбөлүктөр сатылып келген. Азыр андай жок. Ким экзамен тапшырса алат. Тапшыра албаса бир ай, эки айдан кийин кайрадан тапшырып жүрүп, качан гана өзү тапшыра алганда алат.

Адам баласы бар жерде баары болот экен. Айрым бир тааныштарын өткөрүш үчүн кошуна бөлмөдө туруп алып экзамен тапшырып жаткан кишиге дүрбү же аралыктан башкаруучу компьютер аркылуу жардам берем деп кармалып жаткандар да бар, билесиздер. Бирок биз бара-бара баарын ордуна коюп, өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетишүүгө аракет кылышыбыз керек. Антпесек кантип алдыга жылабыз. «Мен жол эрежесин бузушум керек. Айып пулду азыраак кылгыла» деген дагы талаппы? Тескерисинче, “эки-үч эмес, беш эсе көтөргүлө” деп чыгыш керек эле, көпчүлүк эл. Себеби жогоруда мен айтып өткөн майып болуп калган адамдардын көпчүлүгүн мындан ары мамлекет багабыз. Тагыраагы элдин эсебинен багабыз. Жөлөк пулдар берилип жатат. Бакканын го мейли, багабыз. Көп адамдарыбыз каза болуп кетип жатпайбы, ошол жагы өкүнүчтүү.

Мен акыркы үч жылдын статистикасын эле мисал келтирдим. Канчалаган үй-бүлөлөр ондогон жылдардан бери жакындарын жоготуп зарлап олтуруп калышты. Ошондуктан «үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат» дегенди толук колдошубуз керек. Эгер жол эрежесин мыкты билсең, дароо тапшырып чыгып кетесиң. Билбесең – үйрөнөсүң. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман. Мындан сырткары, айрым байлардын балдары ылдамдык 100 деп көрсөтүп турган жерден 240 менен айдап келгенин көрүп жатабыз. Эч жакка шашпаш керек. “Шашкан шайтандын иши” дейт. Акырын айдасаң, барчу жериңе ашып кетсе 5-10 мүнөт кечигип бараарсың. Андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Жол эрежесин сактап айдасаң, өзүңдү да сактайсың, башкаларга да коркунуч келтирбейсиң. Бир келген өмүрүңөрдү сактагыла, башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирип, залал келтирүүгө себепчи болбогула!» — деди өлкө башчы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Жапаров Атамбаевге чыгарылган соттун өкүмү боюнча: «Соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек»

Жапаров Атамбаевге чыгарылган соттун өкүмү боюнча: «Соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек»

Автор Эдита Ильясова
09:43 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкектеги кинофестивалга кийип барган блогердин көйнөгү үчүн кимдерге сөгүш берилди?

Бишкектеги кинофестивалга кийип барган блогердин көйнөгү үчүн кимдерге сөгүш берилди?

14:54 12.06.2025
Бишкектеги кинофестивалга барган блогердин көйнөгү талкуу жаратты (видео)

Бишкектеги кинофестивалга барган блогердин көйнөгү талкуу жаратты (видео)

11:22 12.06.2025
Мындан ары мамлекеттик кызматкер сөгүш же катуу сөгүш алса чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт

Мындан ары мамлекеттик кызматкер сөгүш же катуу сөгүш алса чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт

14:14 12.06.2025
13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:01 12.06.2025
Футболдо майыптыгы бар адамга жардам кылган милиция кызматери сыйланды

Футболдо майыптыгы бар адамга жардам кылган милиция кызматери сыйланды

17:50 12.06.2025
Индиядагы учак дарыгерлердин жатаканасына кулаган

Индиядагы учак дарыгерлердин жатаканасына кулаган

17:24 12.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү