Акылбек Жапаров: «Centerra Gold Inc. «Кумтөр» долбоорунан бир шарт менен кетүүгө даяр»

Министрлер кабинетинин башчысы журналисттерге Женевада (Швейцария) өткөн канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясынын жетекчилиги менен болгон убактылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, компания Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга калтырууга даяр, бирок Бишкекти компаниядагы үлүшүнөн баш тартуусун суранат. “Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок «силер 26 пайыздык акцияңарды бизге берсеңер» деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз”, — деди ал «Азаттыкка» берген комментарийинде. 

“Центерра” компаниясы Акылбек Жапаровдун айтканы боюнча комментарий бербей турганын билдирген.