Акылбек Жапаров: «Чынында эле дарыгерлердин айлыгы мугалимдердикинен аз»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгын теңдейбиз деп убада кылды.

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов: «Мүмкүн болсо, тез жардам бригадаларында иштеген дарыгерлердин айлыгын көтөрүү керек», — деди. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алардын айлыгы 10 миң сомдон 18 миң сомго чейин экенин билдирип, ал айлык чындап эле аз экенин мойнуна алды.

«Бул маселелердин үстүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Министрлер кабинети иштеп жатат. Чынында эле дарыгерлердин айлыгы мугалимдердикинен аз. Алардын маянасын теңдөөгө аракет кылып жатабыз», — деп жооп берди Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.