Акылбек Жапаров: «Центерра Голд» өкмөткө 45 күн убакыт берди, болбосо эл аралык сотко кайрылат»

 «Центерра Голд» компаниясы өкмөткө 45 күндүн ичинде сүйлөшүүгө барышпаса, анда арбитражга арыз менен кайрылышарын кабарлашты. Бул тууралуу кечээ, 12-майда Жогорку Кеңештин депутаты, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Самат Ибраев «Центерра Голд» компаниясы эл аралык арбитражга арыз менен кайрылышы мүмкүн экенин айтып, Кыргызстан соттон ута алабы деген суроо узатты. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Динара Кутманова экологиялык санкция салып, анын өлчөмүн аныктоо — мамлекеттин укугу экенин билдирди. «Бул ар бир мамлекеттин суверендүү укугу, 5 сом же 500 доллар салабызбы, алардын кийлигишкенге укугу жок», — деди Кутманова.

Самат Ибраев азырынча Кыргызстан экология боюнча эл аралык сотторго кайрыла албайбы деп сурады.

«Центерра» компаниясы өкмөткө кат жөнөттү: «Эгерде 45 күндүн ичинде сүйлөшүүгө барбасаңар, анда арбитраждык сотко кайрылабыз. Анткени 2009-жылы, 2017-жылы жана 2019-жылы өкмөт бизди коргойбуз деп убадалаган. Силер муну буздуңар, биз арбитражга барабыз». Бул 12-июнга чейин берилген мөөнөт. «Центерра» баары бир арбитражга барат», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал кыргыз тарап эл аралык сотторго даярданып жатканын кошумчалады. «Эгерде алар эл аралык сотко барышса, биз алардан биринчи сотко кайрылып, андан кийин соттошобуз», — деди Жапаров.