«Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаптыр» деген депутатка өзү кандай реакция кылды? Жапаровдун жообу

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңиш Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы жөнүндө абдан көп сөз айтылып жатканын айтып, «Акылбек Жапаровду иштетчү болсоңор, чөнтөгүн тигип иштеткиле дейт. Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаптыр дейт» деген эле. Эл өкүлүнүн мындай сөзүнө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров комментарий берди.

«Мен 3 чакырылыштын депутаты болгом. Депутаттар көп учурда чын-тамашаны аралаштырып сүйлөшөт. Балким ошону аралаштырса керек», — деди ал.