Акылбек Жапаров: «Эки-үч ай кечиксек чек аралар жабылат. Бир да өлкө унду чыгарбай калат»

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Улуттук фонд түзүү демилгесин колдоп, эки-үч ай кечиксек, чек аралар жабылат, унду бир да өлкө чек арадан чыгарбай калат деп эсептейт. Бул тууралуу ал кечээ, 24-июнда өкмөттүн жыйынында билдирди.

«Улуттук фонд түзөлү. Колунда багар-көрөрү жок 17 миң үй-бүлө бар. Аларга гумжардам катары баарын дайындайлы. Былтыркы кемчиликтерди эске алып, колунда жок 250-300 миң кишиге санарип картасын жасатып берели. Азыр бардык жерде дүкөндөр бар. Аларга жакынкы арада контролдоо кассаларын орнотобуз. Аларга жеткиликтүү баа менен 3-4 продукцияны жеткирип беришибиз керек. Дагы 1-2 ай кечиксек, чек аралар жабылат. Бөлөк өлкөлөр да унду чыгарбай калат. Буудайды чыгарбай калат. Фондду түзсөк түзөлү, кредитти ошол фондго берүүгө даярбыз. Муну жөн гана даярдап койбосок, эшалон, учактар менен Бообек Эргешович иштебесе, 2007-жылы аны министрликке тапшырып коюп, баалардын баары өсүп кеткен. Жеткизе албай, кыйынчылык болгон», — деди ал.

Акылбек Жапаровдун сөзүн колдогон Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов корду камдоо ӨКМдин түздөн-түз тапшырмасы экенин айтып, Кыргызстан Казакстандан, Орусиядан буудай сатып алышы керек экенин айтты.