Акылбек Жапаров: «Экономика жетим болуп калды»

Мамлекеттик башкаруу формасын тандоо максатында референдум өткөрүүгө демилгечи болгон Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берди. Ал учурдагы бийликтин экономиканы реформалоодон башка аргасы жок деген пикирде. «Учурда контрабанда экономиканын рак оорусу. Расмий эч ким иштебей калды. Ар бир контрабандисттин артында укук коргоо органдарынын полковниги, калкалоочулары бар. Экономикада эң коркунучтуусу — салык төлөнбөй калуусу. Экономика жетим болуп, каралбай калды»,- дейт Жапаров.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.