Акылбек Жапаров: «Буга чейин бажыдан бирөө жарым 1 миллиард долларды чөнтөгүнө салып жатат деп айтчубуз»

Депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бюджетти толтуруу боюнча пландары ишке ашарына ишенгиси келерин билдирди. Ал Министрлер кабинети бюджетти дагы 250 миллиард сомго кантип толтурганы жатканын, кантип 180 миллиард сомдон 440 миллиард сомго секирик жасарын сурады.

«Быйыл бюджет 280 миллиард болмок, 308 миллиардга көтөрдүк. Эмдиги жылы мурунку Өкмөт менен киргизген бюджетке салыштырмалуу Бажы инспекциясына 50 миллиарддан ашык акча кошуп жатабыз. Анан салык инспекциясына 50 миллиардан ашык. Ушунун баары жаңы Салык кодекси менен иреттелет. Быйыл 6-7 тоннанын тегерегинде алтын ала турган болсок, эмдиги жылы 15-18 тоннага чейин алтын алганы жатабыз. Таза кирешеси 300-400 миллион долларга чейин барат деген божомолубуз бар. Ошентип, биз кен казуучулардан да чоң киреше алганы турабыз.

Буга чейин бажыдан бирөө жарым 1 миллиард долларды чөнтөгүнө салып жатат деп айтчубуз. Эми 1 миллиард экенин билбейм, бирок эмдиги жылы Бажы инспекциясы аркылуу 50 миллиард сом кошулса, демек, жылына 50 миллиард сом бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жүргөн болот», — деди Акылбек Жапаров.