Акылбек Жапаров энергетика министрине оозеки эскертүү берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Министрлер кабинетинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, 30-июнда Жапаров Бекмурзаевди иш бөлмөсүнө чакырып, аны менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйындын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы министрге оозеки эскертүү берген.