Акылбек Жапаров: «Илимий изилдөөлөргө 5 миллиард сом багытталат»

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өтүп, анда Акылбек Жапаров кесиптештерине жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди тааныштырды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, эми жыл сайын мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттардын 1 пайызы илимий изилдөөлөргө багытталат.

«Бул болжолдуу түрдө жыл сайын 5 миллиард сомго жакын каражат. Мамлекеттик органдар ата мекендик окумуштуулар жана Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирген илимий-изилдөө институттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн заказ кылуучусу болуусу тийиш. Ошол эле учурда натыйжалуулугу өтө төмөн болгон Улуттук илим фондун кайра түзүү зарыл», — деди ал.