Акылбек Жапаров жаңы жүргүнчүлөр автобусу менен таанышып, автобустардын «көрүстөнүнө» да барды

Бүгүн, 31-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин бир катар ишканаларын кыдырып, «Минск автомобиль заводу» ачык акционердик коому тарабынан сыноо мөөнөтү үчүн жиберилген жаңы жүргүнчүлөр автобусунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Министрлер кабинетинин төрагасына бул автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталганын билдирди. Анын өзгөчөлүгү катары майыптык коляска үчүн туткасы бар бүктөлүүчү тепкич, жүргүнчүлөрдү отургузуу/түшүрүүнү жеңилдетүү үчүн «Книлинг» жантайыңкы кузов тутуму, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тиешелүү шаймандарды бекитүү үчүн жабдуулар каралган.

Жапаров ошондой эле Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына барып, андагы автобустар паркынын абалы менен таанышты. Автопарктын балансында 476 транспорт бирдиги бар, ал эми 300дөн ашуун автобус бузулгандыгына байланыштуу эсептен чыгарылууга тийиш.