Акылбек Жапаров: «Centerra Gold» Кыргызстандын саясатына кийлигишип, шайлоого таасир эткен»

Кумтөрдөн алтын казган «Centerra Gold» компаниясы Кыргызстандын саясий процессине кийлигишип, президенттик шайлоого таасирин тийгизген. Бул туурасында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында учурунда билдирди.

Ал 2011-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге 10 миллион доллар которгонун айтууда.

«Комиссия аябай кызыктуу фактыны таап чыкты. 2011-2012-жылдары Centerra Gold Inc. демөөрчүлүк каражатты мыйзамдарды бузуу менен которгон. Ал борбордук казыналык системадан тыш колдонулган. 2011-жылы сентябрда Centerra компаниясы Жарандык турак жай куруу департаментинин эсебине РСК банкы аркылуу 10 миллион доллар которгон. Ага курула турган объектилердин тизмеси премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 13-сентябрда бекитилген. Бул президенттик шайлоого чейин жана үгүт маалында болгон. Centerra Кыргызстандын саясий процессине одоно кийлигишкен, өлкө президентин шайлоого таасир эткен», — деди ал.

Ошондой эле ал курула турган объектилердин тизмеси финансы министри тарабынан февраль-март айында бекитилип, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети менен макулдашышы зарыл болгонун белгиледи.