Акылбек Жапаров жарандарды көмүр менен камсыздай албагы үчүн кечирим сурады

Көмүр мафияcы менен күрөшүп жатабыз. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.

«Биздин жарандарыбыздан кечирим сурайбыз. Кышында кыш менен алек болуп жатабыз. Кечирээк келип калдык. Бирок эмдиги жылдан баштап 1-майдан 1-ноябрга чейин көмүр менен камсыз кылабыз. Бул боюнча азыр мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү болгонуна карабай, болгон көмүр менен ЖЭБди анан жарандарды камсыз кылып жатабыз», — деди ал.