Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды.
Жумуш сапарынын алкагында төрага Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.
Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге барган.












