Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Дабиге барды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Абу-Даби шаарына барды.

Жумушчу сапарынын алкагында Жапаров Экономикалык кызматташуу боюнча  биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына теңтөрага катары катышат. Андан соң, ал бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өнөр жай объектилерин кыдырат, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышат.