Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Орусияга кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылууда, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланат. «Сапар тууралуу 18-19-ноябрь күндөрү Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча макулдашылган», — деп айтылат маалыматта.