Жапаров журналисттер менен блогерлерди иргеп чакырып, жолугушуу өткөрүп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 5-июлда «Дасмия» ресторанында журналисттер менен блогерлерди иргеп чакырып, жолугушуу өткөрүп жатат. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан тастыкташты.

Бирок жолугушууга бардык ЖМКлар чакырылган эмес. 24.kg Kaktus.media да тизмеде жок экенин билдирди. Ошондой эле тизмеге SUPERTV каналы да кирген эмес.

Редакцияга Министрлер кабинетинен убакыт аз, киши көп болгондуктан топ-топко бөлүп чакырып жатканын айтышты. «Бүгүн 1-топ чакырылды, жакынкы убакытта 2-топту чакырабыз», — дешти.