Акылбек Жапаров: «Жылына 20 миллиард сомду ушакташууга коротуп жатабыз»

Кыргызстанда 10дон ашкан уюлдук операторлор иштейт. Жылына биз 20 миллиард сомду, тамаша иретинде айтайын, сүйлөшкөнгө, ушакташканга коротуп жатабыз. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.

«Телефондордун айынан пейилибиз да бузулуп баратат. Эл ичинде ырк да бузулду. Телефон сүйлөшүү үчүн эмес, шыбаш үчүн керек го деген ой кетет да. Биз 7,5 миллиард сомду пособие деп берип жатабыз. Ошону көрө албай жатабыз. Биз эл жөлөк пулду азык-түлүк, кийим-кече алууга колдонуп жаткан-жатпаганын билишибиз керек. Эгер телефонго коротуп атса, аны көтөрүүнүн кажети барбы же жокпу, карап көрүш керек», — деди ал.