«Садыр Жапаров келгени мени экономика жагына, Камчыбек Ташиевди тартип жагына койгон». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
«Былтыр Ормон хандын 230 жылдыгын өткөрүп жатканда 2005-жылдан бери ишенген кишим комуз чертип жатып айтты. «Садыр иним, сиз туура коюптурсуз. Камчылай турган жерге Камчыны, акыл-эс керек жерге Акылды койдуңуз» деп. Садыр Жапаров келинчегин, шоопурун, бир туугандарын аралаштырбай, адистерди койду эле, орду-орду менен бара жатабыз», — деди ал.