Акылбек Жапаров: «Кара-Кече» кенинде коопсуздук жана тартип сакталышы абдан маанилүү»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, «Кара-Кече» көмүр кенинин ишин көзөмөлдөдү. Ал «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын иши менен жеринде таанышты.

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти. «Көмүр кенинде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл», — деди ал.

Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү иштин шартын жеринде жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды. Буга дейре Министрлер кабинети тарабынан өлкө аймагында көмүргө карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Аталган чечим 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилинде көмүргө карата баанын өсүшүнө жол бербөө, калкты көмүр менен өз мөөнөтүндө жана туруктуу камсыздоо максатында кабыл алынган.