«Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын». Садыр Жапаров жаш жетекчилерди санап берди

«Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Би-Би-Си кыргыз кызматына берген маегинде билдирип, жаш жетекчилерди санап берди.

«Жаштар десек, өкмөттүн курамында 50 пайыздан ашыгы жаштар. Бийликте жалаң эски кадрлар, жашы улгайгандар дегенди мен деле угуп калып атам. Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажрыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары деле жаш эле. Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов. Юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, Маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов 36да, Экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32де. Президенттик администрациянын жооптуу бөлүм жетекчилери дагы жаш балдар-кыздар. Кырдаалдык борбордун жетекчиси Азамат Жанузаков 35 жашта, башкармалык башчысынын орун басары Мирбек Кожоев 39 жашта. Президенттин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүм башчысы Азамат Осмонов 36да. Жаш менен бирге тажрыйба дегенди да унутпайлы. Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз», — деди мамлекет башчысы.