Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан «Европа биримдиги жана Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшкандыгын Акылбек Жапаров баса белгилеген. Анын айтымында, ушул жылы соода жүгүртүүнүн ырааттуу түрдө өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденциясы, эки тараптуу байланыштын активдештирилиши байкалды. Ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке ашырыла элек. «Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынан инвестиция тартууга кызыкдар», – деди Акылбек Жапаров.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өз кезегинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар Казакстандан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашты. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Жолугушууда дүң-бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды. Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргыз жарандары үчүн Казакстандын жер үстүндөгү өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки республиканын тармактык министрликтери карап чыгышат. Казакстандын премьер-министри Министрлер кабинетинин башчысын Астана шаарында ноябрь айында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына чакырды.