Акылбек Жапаров: «Кендер үчүн берилген 65 лицензия мамлекетке кайтарылды»

Лицензияларды тартипке келтире баштадык. Лицензияны бекер кармап отургандар тапшыра башташты. Бул тууралуу жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Бүгүнкү күндө 100дөн ашык лицензия мамлекетке тапшырылды. Анын ичинен 65и алтын кендер үчүн берилген лицензия болчу. Кармоо боюнча сумманы көбөйттүк эле. Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 87 пайызы төлөндү. Калгандары берип жатат. Жергиликтүү бюджеттерге эле 213 миллион сомдон ашык каражат түштү», — деди ал.