«Акылбек Жапаров кеткен менен маселе чечилбейт» деген депутат Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин айтты

«Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду кетиргенден маселе чечилбейт». Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту Жогорку Кеңешке таштабайлыбы? Кайра иштеп чыкпайлыбы? Эртеңки келечегибиз үчүн, эгемендигибиз үчүн. Биз ошол эркин өлкө боюнча өткөрүп беребиз деп ант бербедик беле. Ант бергенибиз анык болсо, тайбай турган болсок, түз кеңешип, Баш мыйзамдагы маселелерге кайтып келбейлиби. Кандай дейсиздер? Акылбек Жапаров балким экономиканы көтөрүүгө аракет кылып жатат. Баш мыйзам туура келбесе, жал куйругу кыркылып калып жатат да», — деди ал.