Акылбек Жапаров кийинки жылы кимдердин айлык акысы көтөрүлөрүн айтты

Кечээ, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон «2024-жылы мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөбү?» деп сурады.

«Көбөйбөйт. Жакшы эле көбөйттүк», — деди Жапаров.

«Кээ бир бюджеттик мекемелерде 7 миң сом айлыкка иштеген кызматкерлер бар», — деди депутат.

«Ошолорду түздөгөнгө аракет кылабыз. Эң аз алып жаткандарды көтөрүш керек. Муну Садыр Жапаров айтты. Бирок 70 миң сом алып жатканы коё турсун», — деди төрага.