Акылбек Жапаров: «Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет»

Баткен облусуна иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Ал Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө барды.

“Тынчтыкта жашайм десең, ар дайым бардык нерсеге даяр бол дейт. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет. Бардык жаңы техникалар келген”, — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы жакынкы күндөрү турак үйлөрдүн баары бүтсө, бир күн токтотпостон жол салууну, көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин баштоо зарыл экендигин билдирди.

“Туура, буга чейин курулуш материалдары жолдордо үйүлүп тургандыктан иштер башталган эмес. Эми жолдор салынып, электр зымдары тартылып, таза суу, сугат суу системалары толугу менен ишке киришсин. Айрыкча таптакыр талкаланып кеткен Капчыгай, Ак-Сай айылдарына көчө бойлото арча-карагайлардан отургузуу унутта калтырылбасын. Татынакай айыл болуп калсын деген Президенттин тилегин баарылап ишке ашыруууга милдеттүүбүз”, — деди ал.