Акылбек Жапаров кооз боз үйлөрдү көлгө бара жаткан жолго жайгаштырууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 1-жыйыны өттү.

Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин баса белгиледи. “Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми 1 күндүн ичинде ала турганга шарт түзүш керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан менен болгон чек ара аркылуу киргендигин эске алып, чек ара өткөрүү пункттарында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл. Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар, аны кеңири жайылтуу гана милдети турат. Туризмди өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоорлорду мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу колдоого даярбыз. Улуттук кеңеш да тез аранын ичинде туризмди өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа иштеп чыгып, ишке ашыра баштообуз зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да буга тартылып, аймактардагы туристтик жайларга да көңүл бурулат”, – деди Министрлер кабинетинин башчысы.