Акылбек Жапаров: “Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерге айлык бербеш керек” (видео)

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров калкты коронавирус инфекциясына каршы тез арада эмдөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 24-июнда эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өкмөттүн жыйынында билдирди.

“Менин сунушум бул — Бообек Ажикеевге тапшырма берели. Бүгүнтөн тартып, дүйнөнүн кайсы жери болбосун, вакцинаны учак менен алып келели. Экинчи сунушум — ыктыярдуу түрдө милдеттүү механизмдин бардыгын киргизели. Саламаттыкты сактоо министрлиги өзү вакцинация кылбаса, анда кандай кылабыз? Мен цифраны уга албадым. Канча медайым, канча врач вакцина алды? Дарыгерлер улам ооруп жатпайбы. Армия, ички иштер министрлиги, негизи эле жалпы 368 миң мамлекеттик кызматкерди эгерде эмдөө албай турган болсо, анда айлык албайсың деш керек. Өзгөчө абалды киргизүүнү сунуштайм”, — деген Жапаров.

Кыргызстанда бүгүн, 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.