Акылбек Жапаров: «Коррупцияга каршы «вакцина» ойлоп таап жатабыз»

Кыргызстандын бийлиги коррупцияга каршы «вакцина» ойлоп таап жатабыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.

«Убагында Чыңгыз Айтматов да «аким дегендер Далай-лама болуп алыптыр, эч кимибизди укпайт» деп айткан. Биз андайга жол бербейбиз. Рычагдардын баарын караштырып атабыз. Коррупция деген оору экен, ага вакцина ойлоп таап атабыз», — деди министр.