Акылбек Жапаров «Кумтөрдөн» түшкөн каражаттын азайышы боюнча комментарий берди

Финансы министрлиги маалымат таратып, «Кумтөрдөн» түшкөн каражаттар тууралуу маалымат берген. Ага таянсак, компаниядан былтыр 9 миллиард 618,7 миллион ​​сом түшкөн. Ал эми 2021-жылдын 11 айында 6 миллиард 998,8 миллион сом түшкөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард сомго аз. Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча комментарий берди.

«Айрымдар стакандын жарымы бош экенин, айрымдар анын жарымы толуп турганын көрөт. Ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша көрөт. Тигил же бул версияга ар бир жолу комментарий берүү кыйын. Каржы министри бул боюнча дагы комментарий берет деп ойлойм. Кумтөр боюнча баары жакшы. Болжолдонгон көлөмдө киреше кирип жатат. 12 айдын ичинде алар жакшы рудага жетишти. Эсиңердеби сел жүргөн. Суу азыр жок. Жыл аягында алар бардык пландарын аткарышат деп ишенем», — деди ал.