Акылбек Жапаров: «Кумтөрдү» өзүбүз эле иштетебиз»

«Кумтөрдүн келечеги кандай болот?» деген суроо менен депутат Дастан Бекешев мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.

«Бугүнкү күнү финансылык анализин бүтүрдүк. Бизнес долбооруну да анализдери бүттү. Кытай, орусу, казагы жок эле өзүбүз иштетебиз. Бөөдө кырсыктан тышкары болсун, анткени өзүңүздөр көрүп жатасыңар, көп экологиялык, техникалык туура эмес иштердин бардыгын жасаган. Азыр биз киришпесек, ошол жакта иштеп жаткан биздин жарандарыбыздын өмүрүнө катуу коркунучтар туулду», — деди ал.

Мындан тышкары, «Кумтөрдүн» ишин текшерүүгө жардам берген талдоочуларга 630 миң доллар кеткен. Негизинен келишим 1,5 миллион долларга түзүлгөнү маалым болду.