«Бүгүнкү күнү Түркмөнстандан келе турган газга дагы, электр энергияга дагы бөгөт жок. Орусиядан электр энергия алалы десек, бөгөт жок». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.
«Биз өз акчабызга алып жатабыз, жалдырап сураган жерибиз жок. Биз күч органдарын да жазында эмне болуп кетет деп азыр керектүү менен камсыз кылдык. Азыр эми социалдык төлөмдөр боюнча, бул дагы 220 сомго көтөрүлөт», — деди ал.