Акылбек Жапаров: «Кыргыз Республикасы Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө даяр»

Бүгүн, 6-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жыйында Казакстандагы абалдын курчуп жатышы жана өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу түзүлгөн өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланды. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргызстандын аймагына кылмыштык элементтердин, курал-жарактардын алып келиниши ыктымалдуулугу боюнча маалымат беришти. Финансылык-экономикалык блок боюнча министрликтерге банктык системанын үзгүлтүксүз иштешин, өлкөнүн азык-түлүк жана күйүүчү май коопсуздугун камсыз кылуу боюнча керектүү чараларды көрүү тапшырылды.

Акылбек Жапаров билдиргендей, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу бир тууган Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт. Министрлер кабинети тарабынан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүүнү демилгелөө чечими кабыл алынды. Жогорку Кеңештин жыйынында баяндамачы катары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев дайындалды. Ошондой эле ага Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети жүктөлдү.