Жапаров Кыргызстан «Centerra Gold» компаниясынан тиешелүү кирешесин алган жок деп эсептейт

Компаниянын дивиденддик саясатына байланыштуу Кыргызстан «Centerra Gold» компаниясынын акциялары боюнча күтүлгөн кирешени алган жок. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Кумтөрдү текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, компаниянын директорлор кеңеши Кыргызстандын дивиденддерин өз ыктыяры менен жумшашкан. «Centerra Gold» жогорку жетекчиликке төлөнгөн жылдык чыгымы 8,3 миллион долларды түздү. Компания Торонтодогу кеңсесине жылына 30-32 миллион доллар сарптайт. Алар Бишкекте бир дагы кеңсе курган жок», — деди эл өкүлү.

Ал белгилегендей, «Thompson Creek» компаниясын сатып алуудан улам, Кыргызстан акциялардын 6 пайызын жоготкон. “2019-2021-жылдарда компаниядагы Кыргызстандын акциялары 33,3 пайыздан 26,1 пайызга чейин төмөндөгөн. Акциялардын жоготуусу 7,2 пайызды түзгөн. 2016-жылдан бери Кыргызстандын акциялары тынымсыз төмөндөп жатат», — деди Акылбек Жапаров.