Акылбек Жапаров Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алганын билдирди

«Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик. Кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, өлкөбүзгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «AD Ports Group» жана «Maqta Gateway» ири компаниялары менен келишимдерге кол коюунун салтанаттуу аземинде билдирди.

Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында 2 негизги документке кол коюлган. Биринчи макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана «AD Ports Group» документке кол койду. Анын алкагында Эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко — Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген. Экинчи макулдашууга ылайык, «Maqta Gateway» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт. «Maqta Gateway» бул жаатта чоң тажрыйбага ээ, анткени ал Абу-Дабидеги соода жана логистикалык кызматтарды, анын ичинде деңиздеги, кургактык, абадагы, өнөр жай жана эркин зоналарды бириктирүү үчүн иштелип чыккан алдыңкы соода платформасынын, инновациялык бирдиктүү терезенин иштеп чыгуучусу жана башкаруучусу болуп саналат.