Комиссиянын төрагасы Кыргызстандын алтын сата аларына ишенет

Кыргызстан «Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтынды сата алат. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Кумтөрдүн» ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өкмөт «Центерра Голд» тарабынан санкцияларга дуушар болгон учурда Кумтөрдүн алтынын сатуу механизмдерин иштеп чыккан. «Биз алтынды сата алабыз. Бул «Кыргыз алтындын» алтыны. Аны Улуттук банк аркылуу, экинчи этабында башка банктар аркылуу сатуу пландаштырылууда. Биздин алтынды сатып алууну каалагандар көп», — деди ал.