Акылбек Жапаров: «Кызматтан кеткенге да, иштегенге да даярмын»

Бүгүн, 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө төрагага «канча мөөнөт бул кызматта иштейин деген планыңыз бар?» деген суроо берилди.

Буга Акылбек Жапаров: «Багымдат окуган киши катары айтып коёюн, кечеки күнгө бара албайт экенбиз. Эртеңки күн Кудайдын буйругу экен. Мага чейин кимдер келип, кимдер кеткен эмес. Кеткенге да даярмын, бирок иштегенге да даярмын. Эртең менен 7де келип, 10го чейин иштеп жатам. Президент жана эл өз баасын берет го деп атам», — деп жооп берди.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу сөздөр чындыкка дал келберин билдирип, Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болорун айткан.