Акылбек Жапаров маалымат каражаттарын чогултуп, бирок айрым суроолорго жооп берберин айтты

«Айрым суроолорго жооп бербейм», — деди бүгүн, 15-февралда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жаткан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, бул компаниянын же мамлекеттин коммерциялык сырына байланыштуу суроолор болушу мүмкүн. «Бирок биз мындай суроолорго башка, жабык форматта жооп бере алабыз», — деп кошумчалады Акылбек Жапаров. Бирок качан экенин тактаган жок.

Ал ошондой эле кыргыз басылмаларынын суроолоруна жооп берүү кыйынчылык жаратаарын айтты.  «Салт болуп калгандай, ыңгайсыз суроолорду бересиңер, а мен болсо жооп издеп кыйналам. Мен бир аз башкача форматты сунуштайм: баррикадалар эмес, жөнөкөй сүйлөшүү», — деди ал.